Мобилдүүлүк

2024-03-29 08:27:34 32

2024-жылдын 28-март күнү STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн жетекчиси г.и.к., доцент Сатыбалдиев Б.С., ветеринария адистигинин окутуучулары Халмурзаев А.Н., Ормонкулов Т., Калинникова А.П. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табыгий техникалык факультетинин, ветеринардык медицина кафедрасына жана Жалал-Абад колледжинин Профессионалдык циклында академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу максатында 1 күндүк иш сапарында болуп кайтышты. Коллеждин делегациясын факультеттин деканы, ветеринардык медицина кафедрасынын жетекчиси күтүп алышып, университеттин окутуучулук профессордук жамааты, техникалык базасы, окуу куралдары, университеттин музейи, китепканасы менен тааныштырып чыгышты. Университеттин коллежинде STEM инновациялык колледжинин окутуучулары студенттер менен жолугушуп, кыска конок лекция өтүү менен, студенттер кызыктырган бир катар суроолорго жооп беришти. Студенттердин мобилдүүлүгүн ишке ашыруу макулдашылды.