Иш берүүчүлөр менен тегерек стол болуп өттү

2024-03-28 12:17:59 34

2024-жылдын 28-март күнү STEM инновациялык колледжинин «230110 Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө» билим беруу программасынын иш беруучулор менен тегерек стол жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда колледждин миссиясы жана стратегиялык план, НКББПдагы иш берүүчүлөрдүн орду, иш берүүчүлөр аркылуу практикада кесиптик компетенциялардын калыптануусу, эмгек рыногунун талаптарын жана заманбап тенденцияларды эске алуу менен иш берүүчүлөрдүн суроо-талаптарын талдоо маселелери каралып, ОшМУнун орто кесиптик билим берүү департаментинин директору м.и.к. доцент Мамажакып уулу Чынгызбек, ОшМУнун практика жана карьера борборунун жетекчиси п.и.к., доцент Матикеев Талантбек Курманалиевич, STEM инновациялык колледжинин директору, ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна, Техникалык дисциплиналар ПЦКсынын окутуучулары, шаардагы жана региондогу иш берүүчүлөр катышып, жолугушуу кызуу талкууда өттү. Жыйынтыгында окутуунун натыйжаларына жетүүдө практикалык сабактарды көбөйтүү менен кызыктыруу иш чараларды көбүрөөк өткөрүү жана тыгыз байланышта кызматташуу макулдашылып, келишимдер түзүлдү. Иш берүүчүлөрдөн анкеталар, баалуу ой-пикирлер алынды жана аларга белектер тапшырылды.