2024-жылдын 22-23-март күндөрү практикада жүргөн колледждин студенттери жолугушуп практиканын жүрүшүн көзөмөлдөп келишти

2024-03-26 10:16:06 34

2024-жылдын 22-23-март күндөрү STEM инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы г.и.к., доцент Сатыбалдиев Б.С. практика жетекчилери в.и.к., доцент Ормонкулов Т.Т., б.и.к., доцент Халмурзаев А.Н., Ноокат, Араван, Кара-Суу, Өзгөн Кара Кулжа райондорунун бир катар айылдарында болуп, практикада жүргөн колледждин студенттери, жумуш берүүчүлөр менен жолугушуп, практиканын жүрүшү, студенттердин тажрыйба алуусу менен таанышып, керектүү кеңештерин берип, жумуш берүүчүлөрдүн ой-пикирлерин угуп, бир катар жаңы жумуш берүүчүлөр менен кызматташуу багытында келишимдерге кол коюшуп келишти. Жумуш берүүчүлөр негизинен студенттердин жардамы өтө керек экенин жана өз учурунда болуп жатканын, студенттер керектүү тажрыйбаларды алып ошол эле учурда жумуш берүүчүлөргө чоң жардам болуп жатканын белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришти.