STEM инновациялык колледжинде 21-март “Нооруз” майрамына карата “Нооруз көктөм” аталышындагы иш-чара болуп өттү

2024-03-20 11:14:11 67

ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык юбилейине, 21-март “Нооруз” майрамына карата “Нооруз көктөм” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты: 1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо; 2. Студенттердин маданий иш-чараларга болгон кызыгууларын өнүктүрүү; 3. Студенттердин бири-бирине болгон байланышын чындоо; 4. Таланттуу студенттерди табуу жана алардын шык-жөндөмүн өстүрүү; 5. Нооруз майрамын утурлап татыктуу тосуп алуу. Иш-чаранын жүрүшүндө STEM инновациялык колледжинин таланттуу студенттери тарабынан жагымдуу ыр-бийлер, акыйнек айтышуу, адистиктер тарабынан кызыктуу каада салттар, улуттук оюндар, жана улуттук даамдар боюнча жарыш болуп бир топ кызыктуу номердик аткаруулар орун алды. Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге диплом, ыраазычылык каттар тапшырылды.