Ата-энелер менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү

2024-03-18 11:39:54 45

2024-жылдын 16-мартында Информациялык - коммуникациялык дисциплиналар циклынын Колдонмо информатика (ПИ) жана Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (АСОИУ) адистиктеринин студентеринин ата-энелери менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Ата-энелер менен жолугушууга Баткен району, Кадамжай району, Чон-Алай району, Алай району, Ноокат району, Кызыл-Кыя шаары, Кара-Суу району, Жалал-Абад областынан жалпысынан 147 ата-эне катышты. Иш-чаранын алкагында ОшМУнун жана STEM инновациялык колледжинин миссиясы тааныштырылып, адистиктердин ННБПлары боюнча баяндамалар жасалды. Андан сырткары Университет менен колледждин сайты жана AVN информациялык системасы, “ОшМУ студент” тиркемеси жөнүндө да маалыматтар берилди. Жолугушуунун соңунда суроо-жооп уюштурулуп, мыкты студенттердин Ата-энелерине “Ыраазычылык каттар” берилди. Иш-чарага STEM инновациялык колледжинин директорунун орун басары Сарыков Рысбек Базарбаевич, Информациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Сатаров Арзымат Эминович катышты.