"Спартакиада -2023"

2023-12-25 11:22:29 106

Ош мамлекеттик университетинин факультеттер, колледждер аралык профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлер ортосунда өткөрүлгөн XXXI спартакиадасында STEM инновациялык колледжинин эмгек жамааты жалпы эсеп менен 2-орунга жетишти. ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөн спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду. Ага ректор Кудайберди Кожобеков катышып, спорттук мелдешке жигердүү катышкан окутуучуларга ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди. Сыйлоо аземинде спорттук мелдеште мыктылыгын көрсөткөн катышуучуларга “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты коргоочу” номинациялары ыйгарылды. Профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда өткөн спартакиада спорттун 6 түрү волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча болду. Спартакиаданын жыйынтыгы менен STEM инновациялык колледжинин эмгек жамааты II-орунга жетишип, жалпы команданын курмаы күмүш медаль менен сыйланышты. Андан сырткары ыраазычылык баракчалары, диплом, мыкты оюнчу, мыкты коргоочу, мыкты дарбазачы номинациялары менен сыйланышты. Спартакиаданын мыктылыры: Футбол – 40 жашка чейинки жаш курактагы агайлар “Мыкты коргоочу” - Жеңишбек уулу Эрлан “Мыкты дарбазачы”- Шербаев Манасбек Нематиллаевич Баскетбол – 40 жаштан жогорку жаш курактагы эжекелер “Мыкты коргоочу”- Сейдалиева Гулзат Дуйнобаевна Стол теннис – 40 жашка чейинки жаш курактагы агайлар “Мыкты оюнчу”- Саматов Урматбек Алтынбекович Волейбол– 40 жашка чейинки жаш курактагы эжекелер “Мыкты либеро” - Низамиева Замира Анваровна Волейбол – 40 жаштан жогорку жаш курактагы эжекелер “Мыкты либеро”- Раева Жылдыз Суйуновна Волейбол– 40 жашка чейинки жаш курактагы агайлар “Мыкты коргоочу”-Марат уулу Дастан “Мыкты либеро” - Камил уулу Артур Волейбол – 40 жаштан жогорку жаш курактагы агайлар “Мыкты оюнчу”- Шакиров Кылычбек Курбанбекович STEM инновациялык колледжинин ийгилиги менен жалпы жамаат куттуктайбыз жана сыймыктанабыз.