STEM инновациялык колледжи GLOBE эл аралык илим жана билим берүү уюмуна мүчө болду.

2023-11-16 14:19:09 50

2023-жылдын 2-4-ноябрь күндөрү ОшМУнун Табият таануу, туризм жана айыл чарба технологиялар факультетинде GLOBE эл аралык илим жана билим берүү уюмунунун тренинги болуп, STEM инновациялык колледжинин географ окутуучулары Ибрагимова Рахима, Жапар кызы Бактыгул катышышты. Катышкан окутуучулар иштеген окуу жайы менен бирге GLOBE уюмуна мүчө болду. Тренингдин максаты айлана чөйрөгө байкоо жүргүзүүнү үйрөнүү, аларды уюмдун сайтына жүктөө жана башка уюмга мүчө болгон окуу жайлардын маалыматтарына учурунда ээ болуп турушат. Тренингди GLOBE уюмунун Хорватиядагы тренери метеоролог Владимир Рибисис (Vladimir Ribičić) жана уюмдун Кыргызстандагы координатору г.и.к., доцент Мураталы Дүйшөнакунов өттү. Жыйынтыгында катышуучулар сертификатка ээ болушту.