Студенттер "Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасында

2023-11-15 04:57:59 30

2023-жылдын 13-ноябрь күнү STEM инновациялык колледжинин "Профессионалдык дисциплиналар" бөлүмүнүн окутуучулары Токтосунов Жумашбек, Ибрагимова Рахима жана Колдонмо геодезия адистигинин ПГс-9 -1-23 тайпасынын студенттери менен "Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасына барып келишти. Студенттерге геолог Хамидов Мухамад агай Кыргызстандын түштүк аймагындагы изилденген минералдар жөнүндө жеринен тааныштырып сабак өтүп берди. Студенттер геология сабагынан алган теориялык билимин практика жүзүндө көрүшүп, түшүнбөгөн суроолоруна жооп алышты.