Кызматташуу жөнүндө Меморандум.

2023-10-23 08:18:06 152

21-октябрь күнү STEM инновациялык колледжинин 230701 “Колдонмо информатика” жана 220206 “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырган системалары жана башкаруу” адистиктери мекеме-ишканалар менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Меморандумду ОшМУнун орто кесиптик билим берүү департаментинин директору м.и.к., доцент Мамажакып уулу Чыңгыз сөз сүйлөп, иш чараны ачып берди. Иш чаранын жүрүшүндө STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым Кенжематовна колледж боюнча презентация жасап, Алай районунун Үч-Дөбө айыл өкмөт, Насирдин Исанов айыл өкмөт, “Мастер Принт” полиграфиялык борбору, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы филиалы, “Кадастр” мамлекеттик иш канасынын Ош шаарындагы филиалы, Бируни IT мектеби, Кара-суу райондук социалдык фонд башкармалыгы, “Тез Тап КейДжи” жарнамалык агенствосу, Кыргыз почтасы ачык акционердик коомунун Кара-Суу райондук филиалы, Мугалим өнүгүү борбору, ЖИ « Эргешов Т» авиакассасы, Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөт, “Азия банк” жабык акционердик коому, “Финка банк” жабык акционердик коому Ош филиалы, “Коммерциялык банк Кыргызстан” ачык акционердик коому Ош филиалы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу иш-чарасында катышуучулар STEM инновациялык колледжинин 230701 “Колдонмо информатика” жана 220206 “Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырган системалары жана башкаруу” адистиктеринин НКББПлары менен таанышып, иш берүүчүлөр менен колледждин кызматташуусун, тажрыйба алмашуусун талкуулашты.