ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков Республикалык предметтик жана проектик "STEAM-2023" Олимпиада жеңүүчүлөрүн кабыл алды.

2023-05-27 06:13:09 90

ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков Республикалык предметтик жана проектик "STEAM-2023" Олимпиада жеңүүчүлөрүн кабыл алды. STEM инновациялык колледжинин студенттери Мумбаев Асан, Мумбаев Үсөн жана Ташболотов Нурболсун Республикалык предметтик жана проектик "STEAM-2023" олимпиадасына катышып, математика категориясы менен Мумбаев Үсөн 2-орун күмүш медаль 2-даражадагы сертификат, Мумбаев Асан математика категориясы боюнча 3-орун коло медаль 3-даражадагы сертификат, ал эми Ташболотов Нурболсун "Art" категориясы менен катышкандыгы үчүн сертификат менен сыйланды. Жыл сайын өтүүчү олимпиадага колледждин окутуучусу Р.С.Ибрагимова даярдап келет. Олимпиаданын жыйынтыгы менен Р.С.Ибрагимова ыраазычылык кат менен сыйланды. Олимпиада экология, математика, эссе, жана видео категориялары боюнча 2 тур өткөрүлөт, 2-турдун жыйынтыгы активдүү катышуусу жана алган сыйлыктары менен студенттерибизди куттуктайбыз.