Студенттер Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты болушту

2023-05-22 04:00:08 137

ОшМУда өткөн жыл мыктыларын сыйлоо аземинде STEM инновациялык колледжинин ТОСВТ9-1-20 тайпасынын студенти Азизбек кызы Мээримай ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты болду. Сынак ОшМУнун күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттери үчүн ар бир окуу жылынын аягында бир жолу уюштурулуп келет. Сынактын негизги максаты - окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук, уюштуруу иштеринде жана спорттук иш чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге, ошондой эле жаш таланттарга шык, моралдык жана материалдык колдоо, өнүгүүсүнө дем берүү болуп эсептелинет. Ал эми "Жылдын мыкты акыйкатчысы-2023" кароо сынагына активдүү катышкандыгы үчүн ПИЭс9-1-20 тайпасынын студенти Айылчиев Талгат диплом жана сертификат менен сыйланды. STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к.,доцент Б.К.Абдылакимова сыйлык ээлерин куттуктап, ыраазычылык билдирди.