17-майда ОшМУнун башкы имаратында Bilimfest 2023 - ачык эшиктер күнү өттү.

2023-05-18 08:31:01 185

17-майда ОшМУнун башкы имаратында Bilimfest 2023 - ачык эшиктер күнү өттү. Кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, ата-энелери катышты. STEM инновациялык колледжи келген конокторго адистиктер боюнча маалымат берип, көргөзмөлөрдү тартуулады.