"Акылдуу студент" аттуу интеллектуалдык таймаш

2023-03-15 09:58:45 168

Бүгүн, 15-март Информациялык коммуникациялык дисциплиналар циклынын студенттери үчүн "Акылдуу студент" аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү. Таймаш 3 категорияга бөлүнүп 7 команда катышты. ИКД циклынын окуутуучулары Д.Арынов, Ж.Молдалиева, К.Токсонбай уулу таймашта калыстык милдетти аткарып жыйынтыгында I-орун Ийгилик II-орун WEB III-Биримдик командалары ээлешти. Жеңүүчүлөр дипломдор китептер менен сыйланышты. "Акылдуу студент" интеллектуалдык таймаштын максаты студенттердин билимге болгон кызыгуусун арттыруу теориялык алган билимдерин бекемдөө.