Кош жылдыз -2023:

2023-03-10 03:50:35 112

Ош улуттук драма театрында 8-март - Аялдардын эл аралык майрамынын урматына Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын арасында “Кош жылдыз” сынагы өттү. Сынактын жобосуна ылайык факультет, колледждерден бир айым же бир мырза катышып, эки структурадан бир жуп болуп даярдык көрүшкөн. Сынакты хореографтардан жана маданият кызматкерлеринен куралган калыстар тобу баалашты. Салтанаттуу кечеде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жамаатта эмгектенип жаткан айымдарды куттуктап, университеттин өсүп-өнүгүүсүндө айымдардын ордун белгиледи, ошондой эле окуу жайда аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы стратегиялык программадагы пландар боюнча кошумчалады. Сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Алтынбек кызы Айтурган, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучусуТаалайбек уулу Ниязбек камсыздады. Кош жылдыздарга ден-соолук, иштерине ийгиликтерди каалайбыз!