Бүткүл дүйнөлүк эне тил майрамы белгиленди.

2023-02-28 18:03:22 90

Улуттун улуулугу- анын тилинде - деп, улуу кеменгерлерибиз бекеринен айтпаса керек. Улутубуздун улуулугун аныктаган тилибизди урматтап - барктоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Бүгүн, бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чараны колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары Р.Б.Сарыков ачып берип мугалимдерди студенттерди бүтүл дүйнөлүк эне тил майрамы менен куттуктады. Иш-чарада эне тилди даңазалаган көркөм окуу, улуттук бий, улуттук аспаптардын коштоосунда музыкалар, дубал газеталар тартууланды. Эне тилде ой-жүгүртөм, сүйлөймүн, Канат созо, ай ааламга күүлөймүн. Аалам менен алакалар түзүлүп, Эне тилди энекемдей сүйөмүн. Иш-чара, Кыргыз тили жана адабияты, манас таануу циклынын окутуучулары М.Апышова, Б.Алпаизова тарабынан уюштурулду.