Мекенди коргоо- ыйык милдет аттуу иш чара болуп өттүү

2023-02-22 10:13:23 87

20-февральда Ата мекенди коргоо жана Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына карата "Башкарууну документациялык камсыздоо,архив жургузуу жана коомдук илимдер пцксынын" - демилгеси менен уюштурулган Мекенди коргоо- ыйык милдет аттуу иш чара болуп өттүү. Иш чаранын максаты өсүп келе жаткан муунга патриоттук сезимдерин өстүрүү жана мекенди коргоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз экендигине тарбиялоо. Иш чарага Афганистан жана Баткен согуштарына катышкан ардагерлер чакырылып, алар тарабынан студенттерге кызыктуу маалыматтар берилди. Иш чара музыкалык тыныгуу менен коштолуп, студент жигиттердин физикалык дараметин да байкаган номерлерди аткаруу менен коштолду. Иш чаранын алкагында ардагерлерге студенттер тарабынан кызыктуу суроолор берилип, диалогдор түзүлүп иш чар максатына жетти. Ушундай иш чараларды өткөрүүү салтка айландыруу сунуштары айтылып, Мекенди коргоо,ага кызмат кылуу зарылдыгын түшүндүрү ишке ашты. Иш чарага катышкан ардагерлерибизге таазим этип, уюштуруучуларга терен ыраазычылык билдируу менен жергебизде ар дайым тынчтык окүм суруп, элибизде бай турмуш боло берсин деген тилектерибиз орундалсын.