"STEMде бильярд таймашы"

2023-02-17 12:22:46 85

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата STEM инновациялык колледжинин профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда "Бильярд" оюну боюнча турнир болуп өттү. Турнирдин жүрүшүндө жаш өзгөчөлүгүнө карата бөлүнүп 45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогоркуу окутуучулар катышты. 45 жаштан жогорку окутуучулар арасында I-орун Шакиров Кылычбек Курбанбекович ал эми 45 жашка чейинки окутуучулар арасында I-орун Асанов Бектур Үсөнович ээледи. Турнирде дирломдор акчалай сыйлыктар менен ыйгарылды. Турнирдин максаты ОшМУнун факультеттер жана колледждер арасында өткөрүлүүчү турнирге STEM инновациялык колледжинен катышуучуларды тандап алуу.