“Жаныбарлардын анатомия жана физиология предметин өтүүдө колдонуу” аттуу семинар болуп өттү.

2023-02-09 18:06:36 120

2023-жылдын 9-февраль күнү STEM инновациялык коллежинде “STEM инновациялык технологиясын, жаныбарлардын анатомия жана физиология предметин өтүүдө колдонуу” аттуу семинар болуп, семинарга колледждин окутуучулары жана студенттери катышты. Семинарды колледждин директору ф.и.к.доцент А.Б.Кенжематовна ачып берип, Директордун илимий иштери боюнча орун басары б.и.к.,доцент А.Халмурзаев , 2022-жылдын октябрь айында Россия Федерациясынын Самара областындагы Самара агрардык университетине барып, 3D атлас жаңы технологиясын алып келгендиги тууралуу маалымат берди. Жаңы технологиянын артыкчылыгы жаныбардын ар бир системасын, органын ачып көрсөтүп, аны чоңойтуп, кичирейтип, астынан, үстүнөн кароого болот. Коллеждин IT тармагында эмгектенген оутуучулар программаны окуп, изилдеп, жеңилдетилген формаларын иштеп чыгуу жагын кароо керек экендигин белгилеп кетишти. Сепминардын катышуучулары ыраазычылыктарын билдиришти.