"ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУ"

2023-02-06 09:15:33 96

2023-жылдын 3-февралында STEM инновациялык колледжинин “Профессионалдык дисциплиналар” бөлүмүнүн Колдонмо геодезия адистигинин жумуш берүүчүлөрү менен ачык талкуу болду. Жолугушууга келген ишканалар: -Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Төлөнөв Абдисайит Мойденбекович, -Кара-Суу Архитектурасынын инженер-геодезисти Тургунбаев Турсунбек, -Ноокат райондук шаар куруу жана арихитектура боюнча башкармалынын жетекчиси Сулайманкулов Сайпжан Айтмаматович, -Кадастр мамлекеттик мекемеси Ноокат филиалынын жетекчиси Турдубаев Мамадияр башкы адис, - Эмаком курулуш компаниясынын инженер геодезисти Нурматов Толкунбек Абдусаттарович болду. Ачык талкууга колледждин жетекчилиги,окутуучулары менен ишканалардын жетекчилери адистиктин окуу программасы менен таанышып өз ойлорун айтып талкуулашты.