"Педагогикалык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү"

2023-01-30 17:06:31 98

2023-жылдын 30-январында, Педагогикалык Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Педагогикалык Кеңешинде карала турган маселелер боюнча STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к.доцент, Абдылакимова Бегайым Кенжематовна тааныштырып, берилген суроолорго жооп берди. STEM инновациялык колледжинин 2022-2023 окуу жылынын биринчи жарым жылдыгындагы окуу процессинин күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү боюнча директордун окуу иштери боюнча орун басары Сарыков Рысбек Базарбаевич маалымат берди. Андан кийин, STEM инновациялык колледжинин ППСнин 2022-2023 окуу жылы үчүн түзгөн ОМКнин сандык жана сапаттык абалы боюнча колледждин окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Закирова Толгонай Адинабаевна баяндама берди. Жыйынтыгында ар түрдүү маселелер боюнча суроо жооптор берилип, тиешелүү жооптор берилди.