2023-01-23 14:16:48 98

STEM инновациялык колледжинин АСс-9-3-21 тайпасынын студенти Хайдарова Айткан Курсанбековна 2023-жылдын 3-6-январында Бишкек шаарында өткөрүлгөн кыздар арасындагы Кыргыз Республикасынын Женил атлетика боюнча ачык биринчилигинде 200 метр аралыгында II-орунду камсыздады. Ал буга чейин, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча бир канча фестивальдарынын катышуучусу жана 2022-жылдын июнь айында Т.Колпаковдун байгесине арналган эл аралык ачык биринчилигинде II-орун камсыздаган. STEM инновациялык колледжинин жалпы эмгек жамаатынын атынан Хайдарова Айткан Курсанбековнага ден-соолук, окууларына ийгилик жана спорттогу бийиктиктерди каалайбыз!