"Кадастр" тармагы .

2023-01-17 11:05:51 118

16-январда ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин "Колдонмо геодезия" адистигинин окутуучуларына жана студенттерине "Кадастр" темасында конок лекция болуп өттү. Лектор Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук филиалынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы Матраимов Надир Раимкулович болду. Агай өз сабагында геодезия адистигинин бүгүнкү абалы, келечеги жана актуалдуу маселелери боюнча сабак өтүп, студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Мындан ары өз ара тажрыйба алмашуу боюнча иш чараларды уюштуруу пландаштырылды.