2022-12-29 13:27:20 155

Ош мамлекеттик университетинин факультеттер, колледждер аралык профессордук-окутуучулук курам жана кызматкрлер ортосунда өткөрүлгөн ХХХ спартакиадасында STEM инновациялык колледжинин эмгек жамааты жалпы эсеп менен 2-орунга жетишти. ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөн спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду. Ага ректор Кудайберди Кожобеков катышып, спорттук мелдешке жигердүү катышкан окутуучуларга ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди. Сыйлоо аземинде спорттук мелдеште мыктылыгын көрсөткөн катышуучуларга “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты коргоочу” номинациялары ыйгарылды. Профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда өткөн спартакиада спорттун 6 түрү волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча болду. Спартакиаданын жыйынтыгы менен STEM инновациялык колледжинин эмгек жамааты II-орунга жетишип,ыраазычылык баракчалары, диплом, мыкты оюнчу, мыкты коргоочу, мыкты дарбазачы номинациялары менен сыйланды. Дипломдор: Спорттун волейбол түрү боюнча 40 жашка чейинки жаш курактагы агайлар командалар ортосундагы мелдеште II-даражадагы диплом. Спорттун волейбол түрү боюнча 40 жаштан жогорку жаш курактагы агайлар командалар ортосундагы мелдеште II-даражадагы диплом. Спорттун баскетбол түрү боюнча 40 жаштан жогорку жаш курактагы агайлар командалары ортосундагы мелдеште II-даражадагы диплом. Спорттун футбол түрү боюнча 40 жаштан жогорку жаш курактагы агайлар командалары ортосундагы мелдеште II-даражадагы диплом. Спорттун стол теннис түрү боюнча 40 жашка чейинки жаш курактагы агайлар командалар ортосундагы мелдеште I-даражадагы диплом. Спорттун стол теннис түрү боюнча 40 жаштан жогорку жаш курактагы агайлар командалары ортосундагы мелдеште III-даражадагы диплом. Спорттун стол теннис түрү боюнча 40 жаштан жогорку жаш курактагы эжекелер командалар ортосундагы мелдеште III-даражадагы диплом. Спартакиаданын мыктылыры: Спорттогу мыкты көрсөткүчү, патриоттук дымак жана активдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп, коомдук жана спорттук иштерге кошкон зор салымы үчүн Ош мамлекеттик университети тарабынан Абдылакимова Бегайым Кенжематовнага ыраазычылык баракчасы. Спорттун валейбол түрү боюнча 40 жашка чейинки жаш курактагы агайлар командалар ортосундагы мелдеште “Мыкты чабуулчу” номинациясы – Маматислам уулу Илимбек. Спорттун волейбол түрү боюнча 40 жаштан жогорку жаш курактагы агайлар командалары ортосунда мелдеште “Мыкты оюнчу” номинациясы – Шакиров Кылычбек Курбанбекович Спорттун футбол түрү боюнча 40 жаштан жогорку жаш курактагы агайлар командалар ортосундагы мелдеште “Мыкты коргоочу” номинациясы – Маразаков Шавкат Адылбекович Спорттун футбол түрү боюнча 40 жашка чейинки жаш курактагы агайлар командалар ортосундагы мелдеше “Мыкты дарбазачы” номинациясы – Шербаев Манас Спорттогу мыкты көрсөткүчү, патриоттук дымак жана активдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп, коомдук жана спорттук иштерге кошкон зор салымы үчүн Ош мамлекеттик университети тарабынан Саматов Урматбек Алтынбекович ыраазычылык баракчасы.