"Топозчулук мал чарбачылыгындагы кирешелүү тармак"

2022-12-23 12:17:13 107

STEM инновациялык колледжинин илимий иштер боюнча директорунун орун басары, доцент Халмурзаев А, кафедра мүчөлөрү: доцент Карыпов К, окутуучу Исаев М, окутуучу Маматкулов П 2022-жылдын 11-13- ноябрь күндөрү “Совершенствование генетических ресурсов сельскохозяйственных животных и мониторинг эпизоотического процесса” долбоорунун алкагында Алай районунун бир катар айыл кыштактарында (Алай, Күң Элек, Үч Дөбө, Кара Тектир айылдарында), 2022-жылдын 25-27 ноябрь күндөрү Чоң Алай районунун, Дароот Коргон, Жар Башы, Жекенди, Кара Тейит, Кашка Суу, Алай районунун Сары Моңол, Сары Таш айылдарында илимий иш сапар менен болуп, аймактын эпизоотиялык абалы, ири мүйүздүү малдардын арасында жүргүзүлүп жаткан асылдандыруу иштеринин абалы, аймактагы жаныбарлардын арасында инфекциялык жана паразитардык ылаңдардын катталышын изилдөө, топоздордун бүгүнкү күндөгү абалы, экстерьердик, морфологиялык жана морфометрикалык көрсөткүчтөрүн алуу менен, башка аймактардагы топоздордун көрсөткүчтөрү менен салыштырып изилдөө, алардын көрсөткүчтөрүнүн өсүү деңгээлин мониторингдөө жана аймактагы мал жандыктарга тоют катары колдонулуучу жайыттардагы тоют өсүмдүктөрүнүн жыштыгы, алардын биохимиялык курамдарын изилдөө боюнча илимий иш сапарда болушуп, топозчулуктун бүгүнкү күндөгү абалы, топоздордон, абердун ангус породасындагы ири мүйүздүү малдардан, Алай породасындагы уяң жүндүү койлордон атайын экстерьедик өлчөмдөрүн, капрологиялык изилдөө үчүн материалдарды чогултуп, изилдөө башталды.