"Ийгиликтүү иш сапар"

2022-12-23 11:57:30 99

Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин окутуучусу А.Халмурзаев, Россия мамлекетинин илимине эмгек сиңирген ишмер, биология илимдеринин доктору, профессор, Россия мамлекетинин 2022-жылдын мыкты профессору, Баймишев Хамидулла Балтуханович жана Самара медициналык университети тарабынан чогуу иштеп чыгышкан, сабак өтүүнүн жаңы, инновациялык ыкмасы, 3D атласынын жардамында сабактарды Ош мамлекеттик университетинин шартында өткөрүү максатында 5 күндүк иш сапар менен барып, аталган университеттин жетекчилиги менен таанышып, сабактарга катышып, окуу пландары, окуу – методикалык, усулдук ыкмалары менен таанышты. СМАУ нин убактылуу ректору, доцент С.В. Машков конокту жылуу кабыл алып, А.Халмурзаев тийиштүу адистердин катышуусунда Ош мамлекеттик университети туурасында презентация жасап берди. Ош мамлекеттик университети жүргүзуп жаткан иштер чоң кызыгууларды жаратты. СМАУ Усть –Кинель шаарчасында жайгашып, студенттерди окутууга бардык шарттары бар экендиги, жатакана, тамактануу жайлары, лабораториялык, практикалык сабактарды өткөрүүгө шарттар жогорку деңгээлде түзүлгөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында СМАУ менен ОшМУ нун ортосунда мындан аркы кызматташуу тууралуу келишим түзүлүп, биргелешкен эл аралык долбоорлорду иштеп чыгуу жактары каралды.