"Жаштар паркында ийгилик жараткан студенттер"

2022-12-17 12:46:23 121

Жаштар бизнес паркында ийгиликтүү бизнес жүргүзүүнүн сырлары, инвестиция тартуу, СММ жана маркетинг темаларын камтыган бизнес тренинг өттү. Бизнес-тренингге катышуу үчүн 460тан ашык билдирмелер келип түшкөн. Тандоонун жыйынтыгында стартап долбоорлору менен 40 студент тандалып алынган. 5 күндүк бизнес-тренингде катышуучуларга Ош шаарындагы алдыңкы ишканаларды кыдыруу мүмкүнчүлүгү берилди. Ошондой эле, бизнес чөйрөсүнүн алдыңкы өкүлдөрү тажрыйбалары менен бөлүштү. Питчингдин (Питчинг бул так, туура кадам жасоо жана долбоорду өнүктүрүү үчүн акча алуу өнөрү) жыйынтыгы менен 5 финалист аныкталып, анын ичинен 3 студент 2000 АКШ доллар грант алышты. Алар STEM @oshsu_stem инновациялык колледжинин студенти Кутманбек Жаркынбаев жумуртка инкубатору долбоору кабыл алынды. Бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, комиссия мүчөлөрү чыгармачыл долбоорлор үчүн Ыраазычылыктарын билдиришти. Тренинг USAID жана Ага Хан Фондунун биргелешкен «Жергиликтүү өнүгүү». долбоорунун алкагында Ош мамлекеттик университетинин @business.oshsu.kg Жаштар Бизнес Паркы менен биргеликте ишке ашырылды.