Ош мамлекеттик университети менен Москва мамлекеттик геодезия жана картография университеттеринин ортосунда кош дипломдуулук ишке ашат.

2022-12-14 11:26:06 107

2022-жылдын 13-декабрь күнү Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин эл аралык иштер боюнча проректору Светлана Шведова, Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, «Чек арасыз билим» академиялык мобилдүүлүк платформасынын түзүүчүсү жана долбоорунун координатору Инна Пономарева, геодезисттердин эл аралык ассоциациясынын мүчөсү, профессор Владимир Голубев, картография факультетинин деканы Глеб Загребин ОшМУга иш сапары менен келишти. Аталган иш-чарага STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигине сабак берген окутуучулар жана студенттер катышышты. Студенттер кызыктуу суроолоруна жооп алышты.