“Устат -Шакирт” иш чарасы

2022-12-06 09:14:36 92

2022-жылдын 02-декабрында, Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин , профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн, ветеринария адистик бөлүмүнүн окутуучулары доцент Халмурзаев А, Н. Калинникова тарабынан “Устат-Шакирт” багытындагы конок лекциясы өткөрүлдү. Жолугушууда коллеждин бүтүрүүчүсү, ОшМУ нун ветеринардык медицина кафедрасынын 3- курсунун студенти, Рыскулбеков Эрболот, коллеждин бүтүрүүчү курсунун студенти Уразбаев Максат, коллеждин 1-2- курстарынын стундеттери менен кесиптик темадагы пикир алмашуу өткөрүшүп, студенттер үчүн STEM инновациялык колледжи, ОшМУ тарабынан жеткиликтүү билим алуу жана практикалык иш тажрыйбаларды өздөштүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан колдоолор туурасында кеңири баяндама жасап беришти. ОшМУ нун жетекчиилиги тарабынан 2020-жылдан бери коллеждин алдыңкы студенттери, Ысык Көл областынын Каракол шаарындагы “Эковет” ветеринардык клиникасынан практикадан өтүү менен, көптөгөн жаныбарларга көрсөтүлүүчү дарылоо иштерин ийгиликтүү үйрөнүп келишүүдө. Ири мүйүздүү малдардын ашказанына жасалуучу операциялар, кой-эчкилердин, музоолордун баш мээсине (ценуроз ооруусу учурунда), эхинококкоз ооруусу менен күрөшүүдөгү, ит мышыктарды кастрациялоо, стерилизациялоо ж.б. көптөгөн хирургиялык, терапевтикалык жана алдын алуу иш чараларын тез аранын ичинде өздөштүрүп келишип, коллеждин студенттерине үйрөтүшүүдө. Жолугушуу абдан кызык маанайда өтүп жаш студенттер көптөгөн суроолоруна жооп алышты. Мындай жолугушшуну ар аптанын жума күндөрү такай өткөрүп турууну макулдашышты. Кийинки жолугушууларда 1-2- курстун студенттерин, өздөрү жаныбарлардын ооруулары тууралуу презентация жасоону колго алышаарын билдиришти. Эрболот Рыскулбековко, Максат Уразбаевке кызуу кол чабуулар менен ыраазычылктарын билдиришти. Э.Рыскулбеков 10- декабрь, жаш студенттерди ишемби күнү Табият таануу жана арготехнологиялар факультетинин, ветеринардык медицина кафедрасында койлордун ценуроз ооруусуна жасала турган операцияга келип катышып кетүүнү сунуштап кетти. Коллеждин студенттери барып катышмай болушту.