Кыргызстан жана Казакстандын ЖОЖ ректорлорунун форуму болуп отту

2022-12-06 09:04:43 91

Өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстан жана Казакстандын ЖОЖ ректорлорунун форумунда кол коюлган ОшМУ менен кызматташуу келишиминин алкагында 2022-жылдын 1-2-декабрында Сатбаев университетинде тажрыйба алмашуу үчүн ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин колдонмо геодезия адистигине сабак берген окутуучулар Токтосунов Жумашбек, Боронов Самат жана STEM инновациялык колледжинин эл аралык байланыштар боюнча адис Жолборсов Саматбек барып келишти. Делегация Архитектура кафедрасы менен жолугушуп, Архитектура жана курулуш институтунун директору Куспангалиев Болат Урайханович жана институттун жамааты менен кызматташуунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле Казакстан Республикасынын Архитекторлор союзу жана КазМААМ-Евразия тарабынан уюштурулган «Жашыл өнүгүү» лекциясына катышышты. 2-декабрь күнү Сатбаев университетиндеги Маркшейдердик иш жана геодезия кафедрасында жолугушуу болуп, техникалык базасы жана окуу системасы боюнча кафедра башчысы Орынбасарова Эльмира тааныштырып эки университеттин келечектүү кызматташуусунун келечегин талкуулашты.