"Илимдеги кыздар"

2022-12-02 13:40:10 98

2020-жылы ЮНИСЕФ 14-18 жаштагы кыздарга илим, технология, инженердик иш жана математика жаатында мыкты болууга жана карьералык өсүш үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү алууга багыт берген “Илимдеги кыздар” программасын баштаган. ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоору "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду, БААУнун инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда. Долбоор Clé de Peau Beauté уюму аркылуу каржыланат. STEM колледжинде илимдеги кыздар үчүн атайын STEM лагери болуп отту. STEM лагеринин 1-күнү Ментор Закирова Толгонай Адинабаевна STEM лагерин ачып , ментилерди менторлор менен жана лагердин программасы менен тааныштырды. Андан соң графический дизайн боюнча биздин циклдын мыкты окутуучусу Абжапарова Нурзада тренинг өттү. Азыркы заманбап графикалык дизайндардын түрлөрүн жана аны менен иштөөнү үйрөнүштү. Андан сон WEB-разработки предметинен “Web-технологиялар”-темасында информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын окутуучулары Молдалиева Жазгул жана Абдималик кызы Нуржан мыкты денгээлде тренинг отуп, Kahoot приложениясында оюн ойношту. Андан соң кофе брейк кыздарга берилди.