1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИД күнү.

2022-12-02 13:36:04 104

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ- Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 млн.дон ашат. Бул күнгө карата STEM колледжинин ПИЭс9-4-22(р) тайпасынын студенттери ОшМУнун башкы корпусунда “ОшМУнун студенттери сергек жашоо үчүн” бир айлыгынын алкагында уюштурулган сүрөт көргөзмөгө күбө болушту. Ошондой эле, ВИЧ-СПИДдин алдын алуу, коргонуу жолдору боюнча маалыматтарга ээ болушту. Азыр медицинада ВИЧ инфекциясынын үч жол менен жугаары белгилүү.Алар: кан аркылуу, жыныстык жол менен, энеден балага. Кыргызстанда акыркы жылдары жыныстык жол аркылуу инфекцияны жуктургандардын саны көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү 20-39 жаш курагындагы жарандар.ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адам менен бир бөлмөдө жашоо,бирдей идиш-аяк колдонуу,чогуу бассейнге түшүү,саламдашуу,кучакташуу таптакыр коркунучтуу эмес.