Окутуучулар аралык «Ырдайлы кыргыз ырларын» сынагы болуп өттү

2021-09-29 21:55:12 219

КТАМТ циклы уюштурган, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил Мыйзамынын 32 жылдыгына арналган "Ырдайлы кыргыз ырларын" аттуу  иш-чарага колледждин окутуучулары жана студенттер катышып келди. Иш-чарада сынак жүрүп, STEM инновациялык колледжинин Шериева Гүлзар, Женишбек уулу Эрлан жана ПГс-1-21 тайпасынын студенти Нуралы уулу Өмөржан 3-орунду ээлешип диплом жана сертификаттар менен сыйланышты.