Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата турслёт болуп өттү

2021-09-25 14:02:20 194

Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүн белгилөө үчүн Алай районунун Көлдүк айылынын жогору жагындагы көлдүн жээгинде белгиленди.  ОшМУнун ТТГФнын туризм адистигинде окуган студенттери ( 48 студент, 4 мугалим жана 1-курстун 2 магистранты) менен  STEM инновациялык колледжинде туризм адистигинде окуган студенттер ( 47 студент, 6 мугалим) жана учурда ТТГФда академиялык мобилдүүлүк боюнча жүрүшкөн  Орусия Федерациясынын Урал мамлекеттик педагогикалык университетинин Табият таануу, дене тарбия жана туризм инситутунун директору Оксана Янцер баштаган география профилинин 3- курсунун 7 студенти дагы катышып келишти. Аталган туристтик жүрүштү ОшМУнун ТТГФ уюштуруп 1-курс жана мейман студенттерге туристтик шаймандар менен иштөө (чатыр тигүү жана жыйноо, коопсуздук курун пайдалануу, саздан өтүү ж.б.) боюнча мастер класстар көрсөтүлүп, жоголуп бара жаткан улуттук оюндар ойнотулду. Ошондой эле турслёттон ТТГФнын жана STEM инновациялык колледжинин студенттери катышып, STEM инновациялык колледжинин Тмс9-1-19 тайпасынын "Сабр" командасы 1-местаны алды.. Команданын ийгиликтери менен куттуктайбыз. Окууда жана коомдук иштерде эң алдыңкы студенттерден болуп жүрө бергиле!