Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклы
Шакиров Кылычбек Курбанбекович жетектеп келүүдө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын
5-июлундагы № 920/1 буйругунун негизинде 2017-2018-окуу жылында 220602 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча), 230701 -“Колдонмо информатика (тармактар боюнча)”
адистиктерине лицензия алынып студенттерди кабыл алуу жүргүзүлгөн.
220602 Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) (АСОИУ) адистигин 2017-жылдан 2019-жылга чейин МИТ факультетинин
ИТАС кафедрасы жетектеп келген.
Ал эми 230701 “Колдонмо информатика” адистиги 2017-жылдан 2019-жылга чейин
МИТ факультетинин Информатика кафедрасында иш алып барылган.
2019-2020-oкyy жылында МИТ факультетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн орто
кесиптик билим берүүнүн 1-тиркемедеги студенттерин ОшМУнун окумуштуулар
Кеңешинин (2020-жыл, 28-февраль, №7 протокол) "Университеттин курамындагы
структуралык түзүмдөрдүн, факультеттердин жана колледждердин
эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана учурдун талабына шайкеш келтирүү
максатында аларды оптималдаштыруу чечиминин негизинде
Индустриалдык-педагогикалык колледждин курамына кошулуп 30.11.2020-жылдан
бери № 1262ФХД/20 буйругунун негизинде Информациялык-коммуникациялык
дисциплиналар кафедрасы деген аталыш менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.
2020-2021-окуу жылында өзгөрүү болгондугуна байланыштуу 24.03.2021-жылдын
№990-ФХ/21 буйругунун негизинде “Информациялык-коммуникациялык
дисциплиналар” циклы деген аталыш менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.
Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу 2022-жылдын 26-август айында
№3200-ФХД/22 буйругунун негизинде STEM инновациялык колледжинин курамына
«Информациялык технологиялар» аталыштагы бөлүмдүн курамында которулуп
келди.
Азыркы учурда циклда 2 иш берүүчү (окутуучу), 1 улук окутуучу, окутуучу 24, жалпы 27 окутуучу эмгектенет.
Циклды Шакиров Кылычбек Курбанбекович жетектеп келүүдө.