2025-жылдын 15-май күнү Ош Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин 100 жылдыгына жана п.и.к., доцент Зырапа Абдывасиеванын 70 жылдык мааракесине арналган "БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ТАРБИЯЛООДОГУ ЗАМАНБАП ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕР" аталышындагы эл аралык илимий практикалык конференцияда Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын окутуучулары Үсөн кызы Мираида, Абдималик кызы Нуржан "Чет тилдеринин программалоону окутуудагы ролу" аталышындагы илимий макаласына баяндама жасашты. Баяндама учурунда катышуучулар тарабынан кызыгуулар жаралып ар кандай суроолор берилди. Жыйынтыгында жогорку деңгээлде жасалган баяндама үчүн баяндамачыларга сертификат ыйгарылды.
2025-жылдын 13-май күнү Ош Технологиялык Университетинин көрүнүктүү коомдук жана малекеттик ишмер И. Разаковдун 115 жылдыгына жана ОштТУнун техника илимдеринин кандидаты Тешебаев Абдыкапар Тешебаевичтин 70 жылдык мааракесине арналган " Санарип доору: энергетика, экология, курулуш жана транспорт тармактарындагы инновациялар" аталышындагы эл аралык илимий практикалык конференцияда Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын окутуучулары Үсөн кызы Мираида, Маматкалыл кызы Бурулай , Жумабек кызы Гулбурак баяндама жасашты. Баяндама учурунда катышуучулар тарабынан кызыгуулар жаралып ар кандай суроолор берилди. Жыйынтыгында баяндама үчүн баяндамачыларга сертификат ыйгарылды.