2025-жылдын 24-апрель күнү Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар
циклынын окутуучулары Молдалиева Жазгүл Курманбековна,
Абдималик кызы Нуржан Илим жумалыгына карата 2-курс
АСОИУ жана “Колдонмо информатика(тармактар боюнча)” адистиктеринде
окуган студенттер үчүн «IT БРЕЙН-РИНГ»
интелектуалдык таймашын уюштурушту.
Таймаш төмөндөгүдөй 5 этап менен өттү.
1-этап: Викторина
2-этап: Практикалык тапшырма
3-этап: CodeTime. Код жазуу
4-этап: Креативдүү тапшырма
5-этап: Программа түзүү
Жалпысынан конкурска 4 команда катышып, конкурстун жыйынтыгында калыстар
тарабынан орундар аныкталып, командалар жана активдүү катышуучулар грамота
жана белектер менен сыйланды.