СЕМИНАРЫ С РАБОТОДАТЕЛЯМИ.

Колдонмо геодезия жолугушуусу
STEM инновациялык колледжинин Колдонмо геодезия адистигинин иш берүүчүлөр менен жолугушуусу
Көрүү PDF документ
Туризм адистиги жолугушуусу
Туризм адистигинин стейкхолдерлер менен жолугушуусу
Көрүү PDF документ

STEM инновациялык колледжинде практика отчету

STEM инновациялык колледжинде Туризм, Колдонмо геодезия жана Ветеринария адистиктеринде окуган 11-база 1-курс, 9-база 2-курстун студенттери окуу таанышуу практикасын өтөп келип, отчетторун тапшырышты.

ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к., доцент Б. К. Абдылакимова жана колледждин окутуучулары С. Какиев, С. Жолборсов "Кыргыз унаа курулуш" ишканасынын директору Кудайбердиев Абдыманап Кудайбердиевич менен Ош шаарында жайгашкан "Кыргыз унаа курулуш" ишканасында жолугуп, өндүрүш менен таанышып, келишимдерди түзүп келишти. Жолугуушуда алдыдагы пландарды талкуулап колледждин "Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо", "Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо", "Медициналык техникаларды оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо" жана "Электр менен жабдуу" адистиктеринин студенттери үчүн практикалык сабактарды уюштурууга шарт түзүлдү.

STEM инновациялык колледжинин "Ветеринария", "Туризм" жана "Колдонмо геодезия" адистиктеринин студенттеринин 2021-жылдын 29-сентябрдан 27-октябрга чейин өтүп келген өндүрүштүк практикаларынын отчёт берүү конференциясы болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун өндүрүш менен байланыш департаментинин директору, п.и.к., доцент Матикеев Талант, STEM инновациялык колледжинин директору ф.и.к., доцент Абдылакимова Бегайым, профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы, г.и.к., доцент Сатыбалдиев Байсал жана жогоруда айтылган адистиктердин практика жетекчилери катышты. Студенттер практикадан көптөгөн тажрыйбаларды алышканын айтып өтүштү.

STEM photo 1 STEM photo 2 STEM photo 3 STEM photo 4