ОшМунун алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу семинарлары

ОшМУнун "Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча" семинары

2024-жылдын 4-декабры

2024-жылдын 4-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинде “Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча” семинар болуп өттү. Бул иш-чарага университеттин ар кандай факультеттеринен жана кафедраларынан келген окутуучулар, ошондой эле Табият таануу жана STEM инновациялык колледжинин окутуучулары активдүү катышышты.

Семинардын негизги максаты — билим берүү процессинде колдонулуп жаткан алдыңкы, заманбап ыкмаларды бөлүшүү, эффективдүү тажрыйбаларды жайылтуу жана окутуунун сапатын жогорулатуу болуп саналат. Катышуучулар өз тармактарындагы ийгиликтүү усулдарын сунуштап, заманбап окутуу технологиялары, инновациялык методдор жана студенттер менен иштөөдөгү практикалык ыкмалар тууралуу презентациялар менен чыгышты.

Семинар учурунда баяндамалар окулуп, катышуучулар арасында тажрыйба алмашуу, пикир бөлүшүү жана бир катар жаңы идеяларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындай иш-чаралар билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана педагогдордун кесиптик деңгээлин жогорулатууга чоң салым кошот.