2024-жылдын 11-апрель куну STEM инновациялык колледжинде 230110 ТОСВКТиКС адистигинин бүтүрүүчү курстун студенттерине окуу процессинин жадыбалына ылайык, Өндүрүштүк практикасына жөнөтүү алдында конференция уюштурулду.
Конференцияга Информациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы, доцент А.Э. Сатаров, окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Н.П. Маликова, колледждин практика боюнча жетекчиси З. Касымова жана бөлүмдүн окутуучулары катышты.
Конференцияда практика боюнча инструктаж, эреже-талаптар, милдеттер жана калыптандырылуучу компетенциялар менен тааныштырылып, студенттерден берилген суроолорго жооптор берилди. Студент-практиканттардын кесиптик ишмердүүлүк чөйрөлөрүнө, кесиптик ишмердүүлүк багыттарына өзгөчө көңүл бурулуп кызыктуу талкуулар болду.
Өндүрүштүк практикасы 14.04.2025ж.-12.05.2025ж. аралыгында төрт жумалык мөөнөттө, бөлүмдөн бекитилген практика жетекчилери, окутуучулар жана ишкана-мекелердеги адистердин кеп-кеңеши жана көзөмөлүндө жүргүзүлөт.






