STEM ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ КИБЕРКООПСУЗДУК БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

2026-11-19 10:36:21 4

STEM ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ КИБЕРКООПСУЗДУК БОЮНЧА ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ 2026-жылдын 19-ноябрында STEM инновациялык колледжинде студенттердин киберкоопсуздук боюнча сабаттуулугун жогорулатуу жана кибер кылмыштуулуктун алдын алуу максатында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаарынын ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн Кибер кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн өкүлдөрү: милициянын капитандары Мирланбек уулу Азизбек жана Аликулов Азамат, ошондой эле Ош шаарынын коопсуздук кызматынын жетекчиси Арзиев Нурлаким Маматкулович жана инспектору Акимжан уулу Кыялбек катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө интернет алдамчылыгы, жеке маалыматтарды коргоо, социалдык тармактардагы коопсуздук жана кибер кылмыштардын алдын алуу жолдору боюнча маалыматтар берилди. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, адистерден пайдалуу кеңештерди алышты. STEM инновациялык колледжи иш-чарага катышкан конокторго ыраазычылык билдирет! Коопсуз интернет — коопсуз келечек!