2026-11-17 08:16:37 6
2026-жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Информациялык коммуникациялык дициплиналар циклынын "Колдонмо информатика" адистигинин жана Профемссионалдык дициплиналар бөлүмүнүн "Колдонмо геодезия" адистигинин, Адистештинрилген дициплиналар бөлүмүнүн “Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо” адистиктеринин 9 база 3-курс, 11 база 2-курс студенттерин өндүрүштүк жана ошондой эле "Туризм" адистигинин 9 база 2-курс, 11 база 1-курс студенттерин окуу таанышуу практикасына жөнөтүү конференциялары өткөрүлдү. (ПИЭ, ТОРАТ, ПГс -16.11.2026-12.12.2026, Туризм, ЭТЭА -16.11.2026-28.11.2026) Конференцияга бөлүм башчылар Сатыбалдиев Байсал Салиевич, Сатаров Арзымат Эминович, цикл башчы Шакиров Кылычбек Курбанбаевич, Кубатов Нурлан Кушбакович, колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчилери Рахманберди кызы Мырзагул, Хусанов Мавлонбек, Раева Жылдыз, Жапар кызы Бактыгул, Сейдалиева Гүлзат эжекелер жана башка практика жетекчилер катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер студенттерге практиканын максаты жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өткөрүштү. Ошондой эле практика учурунда сакталуучу эреже-талаптар, аткарылуучу милдеттер жана жоопкерчилик маселелери боюнча түшүндүрмө беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Жыйынтыгында жетекчилер студенттерге ийгиликтүү практика өтөп келүүсүн каалап, алган теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдөөгө чакырышты.