“Кылым карыткан эне тил – технология доорунда” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

2026-10-02 08:01:42 20

Бүгүн, ОшМУнун STEM-инновациялык колледжинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата “Кылым карыткан эне тил – технология доорунда” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу, жаштарды эне тилди урматтоого, улуттук баалуулуктарды сактоого жана заманбап технологиялар менен айкалыштырып өнүктүрүүгө үндөө. Салтанаттуу иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору, п.и.к, доцент Мастура Сайпидиновна, STEM-инновациялык колледжинин директору, ф.и.к, доцент Бегайым Кенжематовна, тилдер жана гуманитардык дисциплиналар ПЦКсынын төрайымы, ф.и.к. Таалайкан Жумабаевналар сөз сүйлөп, мамлекеттик тилдин коомдогу орду, жаш муундун тилге болгон жоопкерчилиги жана улуттук баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгү тууралуу өз ойлорун билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан кыргыз элинин маданий мурастары эскерилип, комуз күүлөрү, манас айтуучулук өнөр, улуттук бийлер, көркөм окуулар көрүүчүлөргө тартууланып, эне тил менен улуттук маданияттын ажырагыс байланышы көрсөтүлдү. Салтанаттуу иш-чара STEM-инновациялык колледжинин тилдер жана гуманитардык дисциплиналар ПЦКсы тарабынан уюштурулду.