2026-05-26 08:39:06 90
2026-жылдын 15–16-май күндөрү Бишкек шаарында Түрк дүйнөсүнүн географтарынын IV Эл аралык конгресси ийгиликтүү өткөрүлдү. Эл аралык илимий жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Россия, Түркменстан жана Туркия мамлекеттеринен келген белгилүү географ-окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты. Конгресстин негизги максаты — түрк дүйнөсүндөгү география илиминин актуалдуу маселелерин талкуулоо, илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, аймактык экология, суу ресурстары, климаттын өзгөрүшү, туруктуу өнүгүү жана географиялык билим берүү багыттарында тажрыйба алмашуу болду. Аталган эл аралык илимий иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы, география илимдеринин кандидаты, доцент Б.С. Сатыбалдиев катышып, илимий байланыштарды чыңдоого өз салымын кошту. Ошондой эле колледждин окутуучулары Г.Д. Сейдалиева, Г.М. Абдылакимова жана Г. Койлубаева конгресске илимий макалаларын сунуштап, өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн эл аралык деңгээлде тааныштырышты. Алардын эмгектеринде аймактык география, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экологиялык көйгөйлөр жана туруктуу өнүгүү маселелери кеңири чагылдырылган. Конгресс түрк дүйнөсүндөгү география илиминин өнүгүшүнө, окумуштуулар ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаңы илимий долбоорлордун жаралышына өбөлгө түзгөн маанилүү эл аралык аянтча болду.