2026-05-25 05:45:38 37
20-май күнү ОшМУнун STEM инновациялык жана Айыл чарба колледждеринин 1-курс студенттеринин арасында химия предмети боюнча олимпиада болуп өттү. Олимпиада биринчи курс студенттери үчүн уюштурулуп, ага STEM инновациялык колледжи жана Айыл чарба колледжинин студенттери катышты. Жыйынтыгында төмөнкү студенттер жеңүүчү деп табылды: Биринчи даражадагы диплом: • Абдырахманов Майрамбек — STEM колледжинин АСОИУ 9-1-25 группасынын студенти Экинчи даражадагы диплом: • Момунбеков М. — Айыл чарба колледжи • Арапов Н. — Айыл чарба колледжи Үчүнчү даражадагы диплом: 1. Абдижалилов Б. — Айыл чарба колледжи 2. Сагындыков Н. — Айыл чарба колледжи 3. Жусуева А. — STEM колледжи, АСОИУ 9-2-25 группасынын студенти Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Олимпиада студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу, билимге болгон кызыгуусун арттыруу жана окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулду.