2026-05-22 08:33:20 47
2026-жылдын 15-майында Кыргыз-Узбек Эл аралык университети тарабынан педагогика илиминин доктору, профессор Абдыкерим Муратовдун 70 жаш кутман мааракесине арналган «Жасалма интеллекттин башталыш доорундагы адабият менен педагогиканын орду, Муратовдук окуулар–3” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.Аталганская конференция СТЕМ инновационный колледж профессионалык дисциплиналар бөлүмүнүн кыргыз тили жана адабияты окутуучуларыбыз Батырова Ташхон Темировна жана Нурлан кызы Асель эжекелер катышп,журнал макалалары жарык көрдү.Ошондой эле конференцияга илимпоздор, окутуучулар, жаш изилдөөчүлөр жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышып, жасалма интеллект доорунда адабият менен педагогиканын орду, билим берүүдөгү заманбап ыкмалар жана руханий баалуулуктар тууралуу мазмундуу баяндамалар жасалды.Илимий жыйындын жүрүшүндө профессор Абдыкерим Муратовдун кыргыз педагогикасына, адабиятына жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор салымы өзгөчө белгиленип, анын илимий мектеби жана чыгармачылык мурасы тууралуу кеңири пикирлер айтылды.Конференция катышуучулар үчүн тажрыйба алмашуунун, жаңы идеиларды талкуулоонун жана илимий байланыштарды чыңдоонун маанилүү аянтчасы болду.