Мобилдүүлүк боюнча конок лекция.

2026-05-22 08:09:25 48

Кезектеги кызматташуу ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосунда тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү. STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплинар бөлүмүнүн окутуучусу Жалалова Д. академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2026-жылдын 21–23-апрель күндөрү ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү института конок лекцияларын окуп келди.Иш сапардын жүрүшүндө студент үчүн алардын тандаган кесибине багытталган заманбап темалар боюнча мазмундуу лекциялар өткөрүлдү. Лекцияларда теориялык билимдер практикалык мисалдар менен айкалыштырылып, студенттердин кесиптик даярдыгын жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.