Туризм багыты боюнча окуу-таанышуу талаа изилдөөсү

2026-04-16 11:36:50 42

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) «STEM» инновациялык колледжинин Профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн «Туризм» адистигинин студенттери г.и.к., доцент Б.С. Сатыбалдиевдин жетекчилиги алдында Кара-Суу районунун Лаглан айылында жайгашкан туристтик объектилерге окуу-таанышуу максатындагы талаа изилдөө ишин жүргүзүштү. Изилдөөнүн негизги максаты – студенттерди Ак-Буура дарыясынын жогорку агымындагы табигый туристтик-рекреациялык аймактар менен тааныштыруу, ошондой эле алардын аймактык туризм ресурстарын баалоо боюнча практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу болуп эсептелет. Талаа ишинин жүрүшүндө студенттер аймактын рельефинин морфологиялык өзгөчөлүктөрүн, табигый ландшафттардын түзүлүшүн жана алардын туристтик потенциалын изилдешти. Мындан тышкары, боз үй комплекстеринин уюштурулушу, айылдык туризмдин өнүгүү өзгөчөлүктөрү, гидрографиялык объектилердин (суулардын топтолуу аймактарынын) жайгашуусу жана бийиктик алкактуулукка жараша табигый шарттардын, анын ичинде жыл мезгилдеринин өзгөрүүсү боюнча маалыматтар талданды. Жыйынтыгында, жүргүзүлгөн талаа изилдөөлөрү студенттердин теориялык билимдерин бекемдеп, туризм тармагындагы аймактык ресурстарды комплекстүү баалоо жана колдонуу боюнча практикалык тажрыйбасын кеңейтүүгө өбөлгө түздү.