2026-04-13 08:47:24 54
Өзбекстан Республикасында 2026-жылдын 2-4-апрель күндөрү белгилүү окумуштуу, академик Төрө Мирзаевдин 90 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий конференция жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Аталган илимий иш-чарага билим берүү жана илим тармагындагы окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана педагогдор катышып, түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары, адабияты жана билим берүү багытындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Конференцияга ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн окутуучусу Батырова Ташхон «Манас эпосундагы каада-салттарды интерактивдүү усулдар аркылуу окутуу» аттуу темада баяндама жасап, өзүнүн педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүштү. Баяндамада улуу мурасыбыз болгон Манас эпосун заманбап окутуу технологиялары менен айкалыштырып үйрөтүүнүн натыйжалуу жолдору сунушталып, интерактивдүү методдор аркылуу окуучулардын кызыгуусун арттыруу маселелери кеңири баяндалды. Илимий жыйындын жүрүшүндө түрк дүйнөсүнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар менен пикир алышуу, тажрыйба алмашуу жана жаңы илимий-педагогикалык идеяларды талкуулоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эл аралык деңгээлдеги мындай кызматташтык билим берүү тармагында инновациялык ыкмаларды өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды сактоо менен заманбап билим берүүнү айкалыштырууга өбөлгө түзөт. Конференция катышуучулары тарабынан сунушталган баяндамалар жогору бааланып, улуттук маданий мурастарды жаңы педагогикалык усулдар аркылуу окутуунун мааниси өзгөчө белгиленди. Улуттук баалуулуктарды заманбап билим берүү менен айкалыштыруу — келечек муунга сапаттуу билим берүүнүн негизги багыты болуп саналат.