2026-04-13 08:33:31 16
Ош мамлекеттик университетинин СТЕМ инновациялык колледжинин студенттери үчүн тарыхый-таанып билүү багытындагы мазмундуу иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, жаштардын улуттук аң-сезимин калыптандырууга багытталды. Аталган иш-чара «КИжАЧД» ПЦКсынын окутуучусу Мамитова Мырзагүлдүн демилгеси менен уюштурулуп, студенттер Өзгөн тарыхый-архитектуралык музей комплекси менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Экскурсиянын жүрүшүндө алар орто кылымдагы архитектуралык эстеликтердин тарыхы, алардын өзгөчөлүктөрү жана кыргыз элинин маданий мурасы тууралуу кеңири маалымат алышты. Иш-чаранын алкагында музей комплексинин директору Султан Абдырахманов студенттерди жылуу тосуп алып, комплекстин тарыхый мааниси, уникалдуулугу жана бүгүнкү күндөгү орду тууралуу мазмундуу баяндама жасады. Анын кызыктуу жана терең маалыматтары студенттердин өзгөчө кызыгуусун жаратып, суроо-жооп менен коштолду. Мындай иш-чаралар студенттердин тарыхый дүйнө таанымын кеңейтүү менен бирге, улуттук баалуулуктарды урматтоого, маданий мурастарды сактоого жана мекенчилдик сезимди бекемдөөгө чоң түрткү берет. ОшМУнун СТЕМ инновациялык колледжи мындан ары да билим берүү менен тарбияны айкалыштырган, студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды туруктуу негизде уюштурууну улантат.