Студенттерди 2 жумалык окуу-таанышуу практикасына даярдоо боюнча маалыматтык конференция болуп өттү.м

2026-02-28 06:30:29 64

27.02.2026-жыл Информациялык дициплиналар циклынын «Колдонмо информатика», "Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу", "Туризм" адистиктеринин 11 база 1-курс жана 9 база 2-курс студенттерин 2-марттан 14-мартка чейин өтүүчү эки жумалык окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга бөлүм башчысы Сатаров Арзымат Эминович , колледждин практика жетекчиси З.С. Касымова жана бөлүмдүн практика жетекчилери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер студенттерге практиканын максаты жана мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, коопсуздук техникасы боюнча инструктаж өткөрүштү. Ошондой эле практика учурунда сакталуучу эреже-талаптар, аткарылуучу милдеттер жана жоопкерчилик маселелери боюнча түшүндүрмө беришти. Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Жыйынтыгында жетекчилер студенттерге ийгиликтүү практика өтөп келүүсүн каалап, алган теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдөөгө чакырышты.